1

Үй-бүлөө жана нике

Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө ичиндеги мамилелер жакын адамдардын арасында түзүлөт жана бул мамилелер өмүр бою уланат. Үй-бүлө – мыйзам тарабынан минималдуу түрдө жөнгө салынган сфералардын бири болуп эсептелет. Себеби үй-бүлө ичиндеги мамилелер көбүнчө моралдык жана адеп-ахлактык категориясына тиешелүү болуп саналат. Ар бир ата-эне, жубай жана бала, үй-бүлөлүк мамилелерге тиешелүү негизги укуктук маселелерди билиши зарыл. Блогубуз сиздерге бул темада жардам берет деген үмүттөбүз.

Үй-бүлө деген эмне? Үй-бүлө жана нике арасында кандай айырмачылык бар?

Үй-бүлө – бул никени, тууганчылыкты, бала багып алууну негиз алган, укук жана милдеттер менен өз ара  тыгыз байланышта болгон адамдардын чөйрөсү. Бул милдет жана укуктар үйбүлө ичиндеги мамилени бекемдөөгө жардам берет.

Нике – бул үй-бүлө куруу максатында, аял менен эркектин ортосундагы тең укуктуу жана өз каалоосу менен ишке ашырылган келишим. Нике расмий түрдө мамлекеттик орган (ЗАГС) да кыйылат. Нике кыйылгандан кийин жубайлардын ортосунда эки жактуу укуктар жана милдеттер пайда болот.

Үй-бүлө түшүнүгү нике түшүнүгүнөн алда канча кененирээк. Үй-бүлө өз ичине туугандарды да камтыйт (байке, ата, апа, эже, чоң ата, чоң эне, балдар). Нике болсо, жалгыз гана жубайлар арасында болот.

Жубайлардын ортосунда кандай укук жана милдеттер бар?

Жубайлар үй-бүлө ичиндеги бардык маселелерди чогуу чечишет. Жубайлардын жеке жана мүлккө тиешелүү укуктары бири-бири менен тыгыз байланышта болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси бул укуктарды бир комплекстин ичинде карайт.

Жубайлардын жеке жана мүлккө тиешесиз болгон укуктар жана милдеттери – бул мамлекет тарабынан оң каралган, жубайлардын биргелешкен жашоолоруна тиешелүү иш-аракеттер. Бул иш-аракеттер жубайлардын жеке укуктарынын негизин түзөт.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси тарабынан түзүлгөн укутардын саны анча көп эмес. Себеби адамдар арасындагы жеке мамилелер укуктук ченемдерге караганда, адеп-ахлактык ченемдер аркылуу жөнгө салынат. Мыйзам жубайлардын жүрүм-турумуна

түздөн-түз таасирин тийгизе албайт.

Алардын ичинен:

— Үй-бүлөлүк жашоого тиешелүү маселелерди чечүүдө жубайлардын ар бири тең укуктуу болуп эсептелет;

Жубайлардын ар бири кесип тандоо эркиндигине ээ;

— Жубайлардын ар бири жашаган жерин тандоо мумкунчүлүгү ээ;

— Жубайлар үй-бүлөдөгү мамилелерин өз ара сыйлашуу жана жардамдашуунун негизинде түзүш керек;

— Жубайлар үй-бүлөдөгү мамилелерин, үй-бүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү максатында курууга милдеттүү

— Жубайлар үй-бүлөдөгү мамилелерин  балдарынын бакубат жашоосу үчүн жана алардын өсүп-жетилишине кам көрүү максатында курууга милдеттүү.

— Жубайлар никеге турганда өз каалоосу боюнча биринин фамилиясын жалпы фамилия катары тандап алышат, же болбосо жубайлардын ар бири никеге чейинки өздөрүнүн фамилияларын сактап калышат, же өзүнүн фамилиясына жубайынын фамилиясын кошуп алат;

Жубайлардын кээ бир укуктары ошол эле учурда милдеттер болуп эсептелет, мисалы, балдарга тарбия берүү, үй-бүлөнүн бакубаттыгына кам көрүү.

2
3

Жубайлардын укуктары жана милдеттери

Алар нике катталган күндөн тартып пайда болот;

Жубайлардын ар бири өз кесибин жана жашаган жерин тандоодо эркиндиги бар;

Эне болуу, ата болуу, балдарды тарбиялоо, билим берүү жана үй-бүлөлүк турмуштун башка маселелерин жубайлар тең укуктуулук принцибине таянып, биргелешип чечишет;

Жубайлар өз ара мамилелерин үй-бүлөдө өз ара урматтоонун жана өз ара жардамдашуунун негизинде курууга, үй-бүлөнүн бакубатчылыгына жана бекемделишине көмөктөшүүгө, балдарынын бакубат жашоосу жана өнүгүшү үчүн кам көрүүгө милдеттүү.

Жубайлардын мүлктүк укуктары жана милдеттери

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде жубайлар арасындагы мүлктүк мамиленин эки режимини каралат. Биринчиси нике келишиминин жоболорунда негизделет (келишим режими), экинчиси болсо, жубайлар арасында нике келишими түзүлбөгөн учурда, колдонуудагы мыйзам нормаларында негизделген режим (мыйзамдык режими).

Жубайлардын мүлктүк укуктары, кайтарып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктардын катарына кирет. Бул, мүлктү башка бирөөлөргө өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн билдирет (мыйзам тарабынан каралган учурлардан башкасы). Бул мүлк акча өлчөмүндө ченелип, ар кандай келишим

Мындан сырткары, ар бир жубайдын мүлкү, жеке жана биргелешкен болуп экиге бөлүнөт.

4
5

Жеке мүлк:

Приобретенное до регистрации брака полученное в дар, в порядке наследования или по иным безвозмездным сделкам (то есть бесплатно) Вещи индивидуального пользования (одежда, обувь и другое), за исключением драгоценностей и других предметов роскоши, хотя и приобретенные в период брака за счет общих средств супругов, признаются собственностью того супруга, который ими пользовался.

никеге каттоодон мурун сатылып алынган;

белекке, мурастоо жолу менен же башка акысыз бүтүмдөр менен алынган (башкача айтканда, бекер);

Жеке буюмдар (кийим, бут кийим ж.б.), зергер буюмдарын жана башка кымбат баалуу буюмдарды кошпогондо, нике учурунда жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынган, аларды колдонгон жубайынын менчиги деп таанылат.

Биргелешкен мүлк – бул нике учурунда жубайлар тарабынан алынган мүлк жана материалдык баалуулуктар (алынган батир, унаа; бизнести жүргүзүү, компаниядагы акциялар ж.б.). Мүлктөрдү бөлүштүрүү учурунда менчик укугу  жубайлар арасында тең бөлүнөт. Мүлктөр жана менчик укуктан тышкары милдеттер дагы бөлүнөт (кредит, карыздар ж.б.).

Диний жөрөлгө аркылуу кыйылган нике жарактуу болуп саналабы?

Диний жөрөлгө аркылуу кыйылган нике официалдуу түрдө жарактуу саналбайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча нике мамлекет тарабынан катталыш керек. Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний жөрөлгөлөр мыйзамдуу күчкө ээ эмес. Бул, жубайлар арасында мүлктүк жана жеке укуктар жок дегенди билдирет. Алар расмий түрдө жубай болуп саналышпайт, бир гана бирге туруучу (ойнош) болуп саналышат. Ошондуктан, никени ЗАГС ка каттоо маанилүү. Анткени, бул нерсе жубайлардын жана балдардын укук жана кызыкчылыктарын коргой алат.

Документтерди алуу

Керектүү документтердин болушу ар бир адам үчүн өтө маанилүү талап. Алар кызматтарды алууга, керектүү фактыларды далилдөөгө жана укуктарды коргоого жардам берет. Демек, бардык документтер өз убагында жана туура кабыл алынышы керек. Балдарга документ алуу боюнча бир аз маалымат.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмнеге керек? Нике официалдуу түрдө катталбаган учурда, баланын документтерин (туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) алууга мүмкүнчүлүк барбы?

  • мамлекеттик медициналык мекемелерде акысыз кызмат алууга укуктуу
  • бала бакча жана мектепте орун алуу  укугу;
  • Кыргызстандан эркин түрдө чыгуу жана көйгөйсүз кайтуу укугу;

Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде, бала бойго жеткенден кийин, ага паспорт ж.б. документтер берилет.

Нике катталбаган учурда кандай документтер керек?

Эгерде аял биологиялык атасы баланын төрөлгөнүнө таандык экендигин күбөлүккө көрсөткүсү келбесе, анда ЗАГСка төмөнкү документтер берүү керек:

  • Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык маалымдамасы. Бул маалымдама энеге төрөт үйүнөн чыгаарда же болбосо аймактык гинекологдун текшерүүсүнөн кийин берилет.
  • ID картасын;
  • Эгерде никеси катталбаган ата-эне, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты жазылат деген келишимге келсе, анда аял ЗАГСка медициналык маалымдама менен биргеликте күйөөсүн дагы паспорту менен алып келүүсү кажет. Алар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен кошо аталыкты далилдөөчү күбөлүктү дагы ала алышат.

Жубайлардын бири чет мамлекеттин жараны болгон учурда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кыргызстанда үчүн кайсыл документтер керек болот?

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк – бул наристенин жарандыгын аныктаган документ. Эгерде ата-эненин бирөөсү башка мамлекеттин жараны, экинчиси КРнын жараны болсо, анда алар бала үчүн эки жарандыктын каалаган бирөөсүн тандай алат. Эгерде сиздер балаңыз үчүн КРнын жараны болуу жакшыраак деп чечсеңиздер, анда ЗАГСка төмөнкү документтерди алып баруунуздар зарыл:

  • баланын туулгандыгы тууралуу медициналык маалымдама;
  • ата-эненин паспорттору;
  • нике күбөлүгү;
  • ата-эненин төрөлгөн баланын КРнын жараны экендигин таануу жөнүндөгү  нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн келишими.

Ата-эне жана балдар

Мыйзамдуу өкүлдөр жана камкордук деген эмне?

Балдардын укутарын жана таламдарын коргоо милдети, алардын ата-энеси же туугандарынын жоопкерчилигинде.

Ата-эне (же алардын өкүлдөрү) балдардын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналат жана башка кишилер менен мамлекеттик органдардын алдында кандайдыр атайын бир ыйгарым укук (ишеним кат же ордер) болбостон укук жана кызыкчылыктарын коргойт

Камкордук, багуу, тарбиялоо, билим берүү жана укуктар менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, кароосуз калган балдарга белгиленет.

Камкордук, 14 жашка жете элек балдарга белгиленет.

Көзөмөл кылуу он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдарга белгиленет.

6

Ата-энелерге билдирүү!!!

  1. Ата-эненин укуктары балдардын таламдарына каршы келбөөсү зарыл. Балдардын кызыкчылыктарын камсыздоо – ата-эненин эң негизги милдеттеринен болуп эсептелет. Ата-энелик укуктарды ишке ашырууда, ата-эне физикалык, психикалык жана адеп-ахлактык жактан баланын ден-соолугуна зыян келтирүүгө укуктуу эмес. Балдарды тарбиялоо ыкмалары барк албоочу, ырайымсыз, орой, адамдын аброюн кемсинтүүчү мамилелерди, балдарды кордоо жана эксплуатациялоону камтыбаш керек.

Ата-энелик укуктарын балдардын таламдарына жана укуктарына каршы колдонгон ата-эне мыйзам алдында жооп берет.

  1. Ата-эне бирге жашабаган учурда, балдардын жашаган жери тууралуу өз ара сүйлөшүп бир натыйжага келсе болот. Балдардын жашаган жери тууралуу пикир келишпестик болгон учурларда, бул маселе сот аркылуу чечилет. Мындай учурларда балдардын маселе тууралуу ой-пикирлери жана кызыкчылыктары эске алынат.

Муну менен биргеликте сот, баланын ата-эненин ар бирөөсүнө жана башка бир туугандарына болгон сезимдерин эске алып, баланын жашына, ата-эненин адеп-ахлактык жана башка жеке сапаттарына карайт. Ата-эненин ар биринин бала менен болгон мамилеси, баланын тарбия жана жетилиши үчүн керектүү шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүгү, ата-эненин кесиби, иш тартиби, материалдык жана үй-бүлөлүк абалына дагы көңүл бурулат.

Ата-эненин укук жана милдеттери

КРнын Үй-бүлөлүк кодекси боюнча баланын тарбиясы, ата-эненин милдети болуу менен биргеликте баланын шартсыз укугу болуп саналат:

  • ата-эне балдарын материалдык жактан камсыздоого милдеттүү;
  • ата-эне балдарынын ден-соолугу жана коопсуздугу үчүн жооптуу;
  • ата-эне балага коомдогу негизги моралдык, адеп-ахлактык жана укуктук ченемдерди үйрөөтүгө милдеттүү;
  • ата-эне балага жалпы орто билим берүүгө милдеттүү. Муну менен бирге алар баланын пикирине жана каалоосуна жараша мектеп тандоого укуктуу;
  • ата-эне өз укуктарын жана милдеттерин, балага зыян келтирүү аркылуу аткара албайт, б.а. үстөмдүк кылуу аркылуу колдонуп, балага физикалык жана психологиялык басымдуулук жасай албайт;
  • ата-эне бирге жашабаса да алар баланы тарбиялоодогу ата-энелик милдеттеринен бошотулбайт;
  • ата-энелерден бирөө бала менен жашабаса дагы, анын бала менен тыгыз байланышта болууга укугу бар. Эгерде экинчи тарап буга тоскоолдук жараткан болсо, ал өз укуктарын сот аркылуу коргоп, компетенттүү органдардын расмий чечимин ала алат.

Мыйзамдар боюнча бала өз алдынча толук көзкарандысыз инсан болуп таанылганга чейин ата-энеси аны коргоого жана камсыз кылууга милдеттүү.

Төмөнкү учурларда бала толук көзкарандысыз инсан болуп таанылат:

  • расмий жагынан баланын бойго жетүүсү, тагыраак айтканда, 18 жашка толуусу;
  • бала 18 жашына толо элек, бирок ата-энесинин макулдугу менен турмуш куруусу;
  • баланын, мөөнөтүнөн мурда, 16 жашка толгону менен, мисал катары, эмансипация натыйжасында толук көзкарандысыз инсан болуп калуусу.

Ата-эненин бирөөсү жөндөмсүздүк же өз милдеттерин аткарбоо сыяктуу мыйзам ченеминде негизделген бир топ себептерден улам балага болгон укуктарынан ажыратылат.

Мындай учурларда ал бала менен мамиле куруу, аны тарбиялоо жана ага таасир тийгизүү сыяктуу укуктарын жоготот. Бирок, буга карабастан, баланы материалдык жактан камсыз кылууга милдеттүү.

Алимент деген эмне жана алимент кимден алынат?

Ата-эне өздөрүнүн жашы жете элек балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат. Ата-эне өздөрүнүн жашы жете элек балдарын багуу тууралуу макулдашуу (алимент төлөө тууралуу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-эне өздөрүнүн жашы жете элек балдарын багууга каражат бербесе, аларды баккан тарап жашы жете элек балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу алардын ата-энесине(экөөнүн бирине) доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн сотко берген доосунун негизинде ата-энеден сот тартибинде өндүрүп алынат.

Баланын мүлктүк укуктары

  1. Баланын өз ата-энесинен, калган үй-бүлө мүчөлөрүнөн каражат алууга укугу бар.
  2. Алимент, пенсия, жөлөк пул түрүндө балага чегерилген суммалар ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) колуна тиет жана алар аны баланы багууга, тарбиялоого жана билим берүүгө жумшайт. Сот жашы жетпеген балдарына алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-эненин бирөөсүнүн талабы боюнча төлөнүүгө тийиш болгон алименттин суммаларынын элүү пайыздан ашпаганын жашы жетпеген балдардын атына банктарда ачылган эсепке которуу чечимин чыгарууга укуктуу.
  3. Бала турак-жай аянтын, өзү алган кирешени, белек катары же мурас катары алган мүлктү, ошондой эле өзүнүн каражатына алынган мүлктү менчиктөө укугуна ээ. Баланын мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ата-эне жүзөгө ашырганда камкордукка алынгандын мүлкүн тескөөгө карата аларга жарандык мыйзамдар аркылуу чектелген эрежелер жайылтылат.
  4. Ата-энесинин мүлкүн менчиктегенге баланын укугу жок, ата-эне баланын мүлкүн менчиктегенге укуктуу эмес. Бирге жашап турган балдар менен ата-энелери өз ара макулдашуу боюнча бири-биринин мүлкүнөн пайдалана алышат.
  5. Ата-эне менен балдардын жалпы менчикке укугу пайда болгон учурда жалпы мүлктү ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жарандык мыйзамдар аркылуу аныкталат.
(Просмотров за все время 559, 9 посещений за сегодня)