Бүгүн, 2-декабрда 9-11-класстардын окуучулары арасында Укуктук олимпиаданын биринчи этабы онлайн форматында башталды.
Олимпиада кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт жана http://ukuk.alc.kg/ сайтында жеткиликтүү болот.
Олимпиада 3 этапта өтөт:
1-этап – 15 суроодон турган тесттен өтүү;
2-этап – 10 укуктук маселени чечүү;
3-этап – калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында укуктук маселени чечүү.
Биринчи этаптан өтүү үчүн 15 суроодон турган тестти өтүш керек. Тестти орус жана кыргыз тилдеринде өтсө болот, каттоону эске алуу менен 20 мүнөт берилет. Ар бир катышуучу тестти бир жолу гана тапшыра алат, жоопторду оңдоого мүмкүнчүлүк болбойт. 2 же андан көп жолу кайталанган учурда жооптор саналбайт.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган 60 гана катышуучу экинчи этапка өтөт.
Жеңүүчүлөргө жана финалисттерге баалуу сыйлыктар жана сертификаттар берилет:
1-орундан 5-орунга чейин – букридерлер (электрондук китеп окугучтар);
5-орундан 10 орунга чейин – акылдуу сааттар;
10-орундан 30-орунга чейин – рюкзактар.
Укуктук олимпиада «Укуктук аймак» долбоорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Инклюзивдүү, адамга ориентацияланып, адам укуктарына негизделген мамиленин негиздерин улуттук укуктук процесстерге, сот адилеттигине жана конституциядан кийинки процесстерге интеграциялоо» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
#УкуктукАймак #правачеловека #alckg
#alckyrgyzstan #мыйзамүстөмдүгү #UNDPKG #ВерховенствоПрава