Close

МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ВИДЕОРОЛИКТЕР СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

9-декабрь 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өткөн “Зордук-зомбулукту токтот. Айткандан тайба” аттуу мектеп окуучулары арасындагы Республикалык видеороликтер сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынактын республикалык этабына бардык аймактардан келген 233 билдирмеден 16 команда өткөн. Сынак облустук жана республикалык эки этапта өттү. 

Финалдык республикалык этапта командалар өздөрүнүн видео иштерин көрсөтүп, сынакка катышуунун максаттары тууралуу айтып беришти.

I даражадагы диплом менен сыйлангандар:

• Сандулла Нуров

• Диана Мусаева

• Алим Даутахунов

II даражадагы диплом менен сыйлангандар:

• Абдурашид Хихизов

• Жаркынай Урказыева

• Гүлназик Төрөкулова

III даражадагы диплом менен сыйлангандар:

• Байел Жунушалиев

• Малика Мукашева

• Айзада Абдыжапарова

Мектеп окуучуларынын арасында «Зордук-зомбулукту токтот. Айткандан тайба” республикалык сынагы Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жана «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргелешип USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Бул республикалык сынак аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өтүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат.

«Зомбулукту токтот. Айткандан тайба!» республикалык сынагы Кыргызстанда гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга багытталган.

#JashtarTendik3un

#USAIDKG #ukukbulagy #orangetheworld #зомбулуктутоктот #зомбулуксузжаша #живибезнасилия #остановинасилие

(Просмотров за все время 806, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий