Close

Мектеп окуучуларын «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» аттуу сынакка катышууга чакырабыз!

9-11-класстарынын окуучуларын «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» аттуу республикалык конкурса катышуу чакырабыз. Бул конкурс Кыргызстандагы гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга  багытталган. Укуктук сынак Кыргызстандын юридикалык клиникалар Ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Жеңүүчү командалар үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун — команданын ар бир мүчөсүнө 1 ноутбук.

2-орун — команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

3-орун — команданын ар бир мүчөсүнө 1 телефон.

Катышууга бир мектептен командалардын саны чектелбейт. Катышуу үчүн 3 окуучудан (алардын бири башка жыныста болушу керек) турган топ түзүп, төмөнкү талаптарды аткаруу керек:

1. Шилтеме аркылуу 2021-жылдын 28-ноябрына чейин өз командаңыздын атынан катталуу:

https://forms.gle/S9Ydp27uQuovvmEP6;

2. Сиздин топтун катышуусун тастыктагандан кийин, уюштуруучулардын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандагы гендердик зомбулук темасында 2 мүнөттүк видеотасманы даярдоо;

3. Видеотасманы 2021-жылдын 4-декабрына чейин сынактын уюштуруучуларына жөнөтүү;

4. Республикалык этапка өткөндөн кийин сынакка даярдык жөнүндө жана катышуунун максаттары тууралуу калыстар тобуна презетациялоо;

5. Көз карандысыз калыстар тобу үч жеңүүчү команданы тандап алат.

Бул республикалык сынак аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өтүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны туруктуу өсүүдө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы 2415 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, 2017-жылы — 7114 санына жетип, 3 эсеге көбөйгөн. «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» аттуу республикалык конкурс Кыргызстанда гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, сынактын бардык этаптары онлайн режиминде өткөрүлөт.

Республикалык конкурстун эрежелери боюнча маалымат шилтемеде:

https://docs.google.com/document/d/1zoLo5s0O6Q4GpjX_VPxvu1L6tBBhxupoXnDjKBrShDM/edit?usp=sharing

#JashtarTendik3un #USAIDKG #ukukbulagy #orangetheworld

(Просмотров за все время 1 359, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий