1

Миграция

Калктын миграциясы – бул адамдардын кайсы бир аймак/мамлекеттен башка бир аймак/мамлекетке көчүүсү.

Миграциянын ар кандай түрлөрү бар. Мисалы: ички жана тышкы, туруктуу жана сезондук, мыйзамсыз ж.б.

Кээде бир аймак/мамлекеттен көчүп кетүүгө аргасыздыктан дуушар болушу мүмкүн. Мигранттардын укук жана милдеттерин билүү сиздин жаңы коомдо тез арада жана жеңил ылайыкташууңузга жардам берет.

Бул бөлүмдө биз сиздер учүн келечекте керектүү боло турган бир топ суроо жана жоопторду даярдап бердик.

Миграция деген эмне?

Миграция – бул бир топ адамдын жаңы бир жерде туруктуу же убактылуу жашоо максатында, бир мамлекет, аймак же шаардан, башка бир мамлекет, аймак же шаарга көчүүсү. Миграция кылган бир топ адамдарга мигранттар деп айтылат.

2
3

Миграция ички жана тышкы болуп экиге бөлүнөт. Көчүү өлкө ичинде болсо – ички миграция деп аталат, ал эми көчүү өлкөнүн чегинен тышкары жерлерге болсо – тышкы миграция деп аталат. Миграция подразделяется на внутреннюю и внешнюю. Внутренняя миграция — это когда, Вы перемещаетесь внутри страны, а внешняя миграция за пределы вашей страны.

Миграциялык маселелер боюнча кененирээк маалыматтар топтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы сайтынан таба аласыз.

http://ssm.gov.kg/

Же болбосо «Справочник для мигрантов» Google Play тиркемесин жүктөп алсаңыз болот:

https://play.google.com/store/apps/details?id=com.migrate.admin.pagination

(Просмотров за все время 20 220, 12 посещений за сегодня)