Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын Ассоциациясы «Укуктук регион» долбоорунун алкагында пилоттук режимде юридикалык жардам алуу жагынан жергиликтүү калктын негизги көйгөйлөрүн аныктоо үчүн долбоордун тандалган Ноокат районунда 28-29 октябрьда 2-күндүк тренинг жана консультациясы өткөрүлдү.
Жер укугу, миграция, никени токтотуу, үй-бүлө укугу, укук коргоо темалары боюнча тренинг өткөрүлдү.
Социалдык кызматкерлер жаш юристтер менен биргеликте жергиликтүү элге кеп-кеңештерин беришип, пара-юристтерди даярдоого тренинг өткөрүштү.
Эл менен жолугушуулар USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун колдоосу менен, “Укуктук регион” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
#АЮКК#УкукБулагы#USAID
(Просмотров за все время 400, 1 посещений за сегодня)