Close

Ош облусунун Кара-Таш айылынын тургундары менен юристтердин жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 13-сентябрьнда Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте Ош облусунун Кара-Таш айылынын жергиликтүү калкынын негизги көйгөйлөрүн аныктоо жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жолугушууларды өткөрдү.
Тургундар жөлөк пул алуу, Орусияга кеткенде документтерди тариздөө, паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу көйгөйлөрүн айтышып, маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.
Мындан тышкары, тургундар калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле юстиция органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүнүү сунушты.
Жолугушууга төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү катышты:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнун өкүлү жана адвокаттары;
• Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин өкүлдөрү;
• Каттоо органынын өкүлдөрү;
• Ноокат шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
• Юридыкалык клиникалырдын кураторлору жана долбоордун катышуучулары;
Бардык берилген суроолор кунт коюп угулуп, айрымдары жакынкы аралыкта иштеп чыгуу жана чечүү үчүн көзөмөлгө алынды.
Ошондой эле, тургундар МКЮЖДАН жана Акыйкатчыдан акысыз юридикалык жардам алуу механизмдери тууралуу маалымат алышты.
Жыйындын жыйынтыгында жергиликтүү жарандар менен «чаттарды» түзүү, анын алкагында жергиликтүү активисттер үчүн тренингдерди өткөрүү, тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда айрым маселелер боюнча калк менен мындан аркы жолугушуулардын графигин талкуулоо чечими кабыл алынды, андан тышкары жергиликтүү активисттер, жергиликтүү депутаттар, мугалимдер үчүн укуктук маселелер боюнча тренингдерди өткөрүү чечилди.
“Укуктук регион» долбоорунун студенттери жергиликтүү райондук администрацияларда практика өтүп, жаш жарандарды укуктук жактан тарбиялоого түздөн-түз катышып, жергиликтүү калкка керектүү юридикалык кеңештерди алууга жардам беришет.
Эл менен жолугушуулар USAID долбоорунун колдоосу менен “Укуктук регион” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

(Просмотров за все время 315, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.