Close

“Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!” Республикалык сынактын катышуучу-топтордун тизмеси

Урматтуу 9-11-класстардын окуучулары!

“Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!” Республикалык сынакка катышууга чоң кызыгуу көрсөткөнүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз.

2021-жылдын 25-30-ноябрында өткөн каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык облустурунан сынакка 362 команда катталды. 

Катталган командалардын тизмеси: 

  • Бишкек шаарынан — 58 команда;
  • Баткен облусунан — 38 команда;
  • Жалал-Абад облусунун — 64 команда;
  • Нарын облусунан — 27 команда;
  • Ош облусунан — 47 команда;
  • Талас облусунан — 25 команда;
  • Чүй облусунан — 70 команда;
  • Ысык-Көл облусунан — 33 команда.

*Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун командаларынын тизмеси өзгөртүлөт, облустук этапта Бишкек жана Чүй облусунун командалары өзүнчө бааланат)

Толук тизме шилтеме боюнча: 

https://docs.google.com/document/d/1NQ3zJ1e5oSn8ztBBh0EFCs39Bj6SfN4YyhAyn3-ZehI/edit?usp=sharing

Команданын бардык мүчөлөрү төмөнкү шилтеме аркылуу конкурстун уюштуруучулары менен мындан ары байланышуу үчүн телеграм тобуна кошулушу керек:

https://t.me/JashtarTendik3un

Конкурска ийгиликтүү катталган командалар социалдык видеотасма даярдай баштаса болот. Видеолорду кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 5-декабры.

Сынактын эрежелери жана баалоо критерийлери боюнча маалыматты шилтеме аркылуу көрсөүздөр болот: 

https://docs.google.com/document/d/1zoLo5s0O6Q4GpjX_VPxvu1L6tBBhxupoXnDjKBrShDM/edit?usp=sharing

«Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» аттуу республикалык конкурс Кыргызстанда гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бул республикалык сынак аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында өтүп жатат. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин созулат. 

#JashtarTendik3un #USAIDKG #ukukbulagy #orangetheworld

(Просмотров за все время 266, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий