Close

Тоң жана Күн-Чыгыш айыл-өкмөттөрүнүн тургундары үчүн окутуу жана студенттер менен укуктук кенештер өтүп жатат

Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын Ассоциациясы USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында «Укуктук регион» долбоорунун ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте пилоттук режимде юридикалык жардам алуу жагынан жергиликтүү калктын негизги көйгөйлөрүн аныктоо үчүн долбоордун жайгашкан жерлеринде 2 күндүк тренинг жана консультация өткөрүлүп жатат.
Социалдык кызматкерлер жаш юристтер менен биргеликте жергиликтүү элге кеп-кеңештерин беришип, жарандарды кабыл алып жатышат.
📌 негизги суроолор:
Жер маселелери;
Жөлөкпул;
Сугаруу маселелери жана башкалар


Эл менен жолугушуулар USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен “Укуктук регион” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

(Просмотров за все время 412, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий