Укуктук суроо-жооптор — бул жаштар үчүн онлайн платформа!

Кыргызстанда, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, 14 жаштан 28 жашка чейинки калк жаштар болуп эсептелинет.

Дал ушул мезгилде жаштар окуу, эмгек, каржы, үй-бүлө сыяктуу суроолор боюнча чечим кабыл алышат жана өз иш-аракеттери менен жоопкерчилик тартып башташат, ошону менен коомдун аң-сезимдүү мүчөсү болушат.

Ошондуктан, биз Кыргызстандын жаштары укуктук маалыматтарды жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде алуусуна жардам бергибиз келет.

Бул жерде ар бир адам чоңойуунун укуктук мүнөздөмөлөрүнө байланыштуу көп берилген суроолорго жооп таба алат.

Бардык бөлүмдөр жаңыланып жана толукталып турат, андыктан сиз сурооңузга жооп таппаган болсоңуз, анда биздин почтага жазуу аркылуу бизден сурасаңыз болот.

Мыйзамдар жана эрежелер бизди ар дайым жана бардык жерде курчап турат!

Эгерде аларды колдонууну билсеңиз, анда алар сизге жардам бере турган куралдарга айланат!

Маалыматты кайдан алабыз?

Маалымат булагы болуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, айрым маселелер боюнча адистешкен мамлекеттик органдардын, эл аралык жана улуттук уюмдардын веб-сайттарындагы маалыматтар колдонулду.

Бул бөлүмдөрдүн мазмунунун тууралыгына Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Акыйкатчы Аппараты, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан макулдук берилди.

Буллинг жана зомбулук

Мүлктүк укуктар

Билим алуу

Бойго жетүү этаптары

Үй-бүлөө жана нике

Жаштардын эмгек укуктары

Каржылык сабаттуулук

Ювеналдык юстиция

Шайлоо укугу

Киберкоопсуздук

Миграция

Биздин команда:

Проекттин координатору: Наргиза Женишева;

Дизайнер — иллюстратор: Назима Кочконбаева;

Авторлор:

Элина Салыжанова (Буллинг жана зомбулук, Киберкоопсуздук, бойго жетүү этаптары, миграция шайлоо укугу).

Наргиза Женишева (Үй-бүлөө жана нике, каржылык сабаттуулук, мүлктүк укугу, ювеналдык юстиция, билим алуу).

Авторлоштор – волонтерлор:

Альмира Канатбекова, Айек Маратбекова (мүлктүк укугу);

Бияра Жээналиева (билим алуу);

Зуура Искандерова (ювеналдык юстиция).

Кыргыз тилине которгон: Раяна Тагайбекова.

Сайт жаңыланып, укуктук блоктор иллюстративдик сүрөттөр менен Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын командасы тарабынан БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган «Кыргызстандын жаштарынын Өзбекстан менен макулдугун жана кызматташтыгын илгерилетүү» долбоорунун чегинде даярдалды.

Бул публикациялардагы көз караштар, сөзсүз түрдө Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын, анын программаларынын / долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз карашын билдирбейт.

Колдонулган белгилер конкреттүү өлкөнүн, аймактын же региондун укуктук статусуна же алардын чек араларына байланыштуу кандайдыр бир пикирди билдирбейт.

(Просмотров за все время 4 457, 1 посещений за сегодня)