Close

Ысык-Көл районунун Күн-Чыгыш айылында тургундардын юристтер менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 8-апрелинде Кыргызстандын Юридикалык клиникаларынын ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте Ысык-Көл районундагы Күн-Чыгыш айылынын жергиликтүү калкынын негизги көйгөйлөрүн аныктоо жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жолугушууларды өткөрдү.
Тургундар өздөрүнүн жер тилкелерин мыйзамдаштырууга, жергиликтүү калкты каттоо маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, тиешелүү органдарга кайрылып, көйгөйлөрдү айтышты.
Тургундар тарабынан эң көп айтылган негизги маселелер:

  • жер маселелери (жер участокторун өз убагында каттабоо, менчик ээси каза болгондон кийин кайра каттоо, мындай жерлерди сатып алуу жана сатуу);
  • жөлөкпул алуу (кимдер жөлөкпул ала алат, кайда кайрылуу керек);
  • кантип жана кайдан акысыз юридикалык жардам алса болот
    Жолугушууга төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү катышты:
    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ КБнун өкүлү жана адвокаттары;
    • Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин өкүлү;
    •Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин өкүлдөрү;
    •Коомдук фонддун өкүлдөрү;
    •Каттоо органынын өкүлдөрү;
    • Юридыкалык клиникалырдын кураторлору жана долбоордун катышуучулары;
    Бардык берилген суроолор кунт коюп угулуп, айрымдары жакынкы аралыкта иштеп чыгуу жана чечүү үчүн көзөмөлгө алынды.
    Ошондой эле, тургундар МКЮЖДАН жана Акыйкатчыдан акысыз юридикалык жардам алуу механизмдери тууралуу маалымат алышты.
    Жыйындын жыйынтыгында жергиликтүү жарандар менен «чаттарды» түзүү, анын алкагында жергиликтүү активисттер үчүн тренингдерди өткөрүү, тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда айрым маселелер боюнча калк менен мындан аркы жолугушуулардын графигин талкуулоо чечими кабыл алынды. .
    Мындан тышкары, “Укуктук регион» долбоорунун студенттери жергиликтүү райондук администрацияларда практика өтүп, жаш жарандарды укуктук жактан тарбиялоого түздөн-түз катышып, жергиликтүү калкка керектүү юридикалык кеңештерди алууга жардам беришет.
    Эл менен жолугушуулар USAID долбоорунун колдоосу менен “Укуктук регион” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.
(Просмотров за все время 277, 1 посещений за сегодня)

Related Posts

Добавить комментарий