1

Ювеналдык юстиция

Кылмыш-жаза сот тутумунда жаштарга улууларга караганда башкача мамиле жасалат. Ювеналдык юстиция тутуму 1 жаштан 18 жашка чейинки «балдарга» тиешелүү. Эгерде адам 18 жашка толгондон кийин кылмышка барса, милиция ага чоң адамдай мамиле жасап, бойго жеткен кылмыш-жаза сот тутуму колдонулат. Бул бөлүмдө ювеналдык юстиция боюнча негизги суроолорго жооптор камтылган.

Сот адилеттиги жана балдар үчүн сот адилеттигинин системасы (ювеналдык юстиция) деген эмне?

Ювеналдык юстиция – бул 14төн 18 жашка чейинки мыйзам менен чатагы бар балдар үчүн каралган, өз ичине сот адилеттиги жана социалдык реабилитация маселелерин камтыган иш-чаралар системасы (сот, милиция, адвокаттардын ж.б. ишмердүүлүгү). Ал өз ичине  мыйзам менен чатагы бар балдарга, ошондой эле жабырлануучу же күбө болуп саналган балдарга  карата, максималдуу турдө алардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатындагы укуктук (соттук дагы), медициналык-социалдык, психологиялык-педагогикалык, реабилитациялык процедураларды жана программаларды өзүнө камтыган иш-чаралардын тутуму.

Канча жаштан баштап жаш балдар кылган кылмыш жана жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартылат?

Жасалган кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги:

— Өспүрүм 14 жашка толгондон баштап киши өлтүрүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, каракчылык сыяктуу белгилүү кылмыштар үчүн (көбүнчө бул оор жана өзгөчө оор кылмыштар) жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат. Толук тизмесини КРнын ККнин 30 беренесинде таба аласыз.

— 16 жаштан баштап, өспүрүм дээрлик бардык кылмыштары үчүн жоопкерчилике тартылат (кылмыштын жалпы субъектиси).

— 18 жаштан баштап адам, бойго жеткенде гана жасай алган кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылат (атайын кылмыш субъекти). Мисалы: аскерге чакырылуучулардын, резервисттердин жана аскерге милдеттүүлөрдун (дезертирдик) кылмыштары.

16 жаштан баштап жорук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

16 жаштан баштап бузгандык үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

2
4

Жашы жетпегендердин ювеналдык сотто акысыз адвокат менен камсыз болобу? Мкюж дын адвокаты деген ким?

Эгерде сиз сотко кайрыла турган болсоңуз, сизге өкмөт тарабынан каржыланган «МКЮЖ системасынын адвокаты» деп аталган акысыз  адвокат кызматы көрсөтүлөт.

МКЮЖ адвокаты сизге айыптоону түшүндүрүп, эмне болгонун сурап, сиз менен мүмкүн болгон варианттарды талкуулап, ишти чечүүнүн мыкты жолун сунуштайт жана сот ишинде сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө жардам берет. Акысыз адвокаттын кызматын алуу үчүн сиздин ата-энеңиз МКЮЖ Координациялык борборунун координаторлоруна арыз жазышы керек. Алар адвокат дайындашат жана акысыз юридикалык жардам алууга көмөк беришет.

Айрым учурларда, сизди кармашканда же суракка алып келишкенде, МКЮЖ координациялоо борбору арызсыз эле адвокат берет.

Мыйзам менен чатагы бар балдар деген кимдер?

Бул термин 18 жашка чыга элек, кылмышка шектүү же айыпталуучу катары сот адилеттигинин тутуму менен байланышкан бардык адамдарды билдирет.

Башкача айтканда, булар тартип бузууларга, мыйзам бузууларга жана кылмышка шектүүлөр же айыпталгандар болуп саналат. 18 жашка чыга элек жаш балдар укук бузууларга (жоруктарга, кылмыштарга) айыпталганда же шектелгенде, адатта ювеналдык юстиция тутумунан өтүшөт. Ювеналдык юстиция тутуму жаштарга алардын муктаждыктарын жана жалпы сак-саламаттыгын, ошол эле учурда анын жаш өзгөчөлүгүн эске алып ал үчүн жоопкерчиликти камсыз кылат.

Мыйзамга менен чатагы бар балдарга, ошондой эле жабырлануучуларга же күбөлөргө кандай укуктар кепил кылынат?

Айыпталуучу, жабырлануучу же күбө катары таанылган (башкача айтканда, ал алардын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгын көргөн же уккан же билген) балага урмат-сый менен мамиле кылуу керек, аларды басынтпаш керек, кемсинтпеш керек. Ошондой эле, ал купуялуулукка кепилденет, башкача айтканда, маалымат башкаларга таратылбайт.

Мыйзам менен чатагы бар балага байланыштуу, балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү бөлүмү адвокаттын макулдугу менен баланы реабилитациялоо боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

Камакка алуу түрүндөгү чектөө чараларын тандоо (изоляторлордо камакка алуу), ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалар балдарга акыркы чара катары гана колдонулушу керек. Укук бузган балага карата, мыйзам менен чатагы бар балдарды реабилитациялоо боюнча иш-аракеттер планынын негизинде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чаралар көрүлүшү керек.

Эгерде тарбиялоо мүнөзүндөгү сотко чейинки чараларды колдонуунун жүрүшүндө, баланын жүрүм-турумунун түзөлгөндүгү жана коомдук коркунучту жоготкондугу аныкталса, ага карата берилген жазык сот өндүрүшү, жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу мүмкүн.

5

Зомбулукка кабыл болгон балдар

3

Зомбулуктун жана ырайымсыз мамилеге кабыл болгон балдарга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт?

Зордук-зомбулуктан жана (же) ырайымсыз мамиледен жапа чеккен балага сөзсүз түрдө анын ден-соолугун жана психологиялык бейпилдигин калыбына келтирүү, ошондой эле анын кийинки реабилитациясы үчүн зарыл болгон медициналык, юридикалык жана психологиялык жардам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтүлүүгө тийиш.

Сотто көрсөтмө керектелген учурда зомбулукка кабыл болгон адам эмне кылыш керек?

Көбүнчө, жасалган кылмыштарда анын кесепетинен жапа чеккен адамдар болот — бул адам же компания болушу мүмкүн. Жазык-процесстик кодексинде алар жабырлануучу деп аталат.

Жабырлануучу белгилүү бир күнү сотко келип, айыпталуучуга каршы көрсөтмө берүү үчүн сотко чыкырылышы мүмкүн. Жашы жете элек балдарга колдоо көрсөтүп туруу үчүн жанында ата-энеси же камкорчусу болушу керек. Алар соттун уруксаты менен сизге суроолорду бериши мүмкүн.

Сизге кылмышка байланыштуу суроолор берилет. Эгерде сиз 16 жашка толо элек болсоңуз, анда сот сизге иш боюнча толук жана чын көрсөтмө берүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрөт. Биринчи прокурор сизге суроолорду берет, андан кийин жактоочу дагы сизге суроолорду бере алат. Сиз көрсөтмө берип жаткан учурда айыпталуучу дагы сотто болот.

Жашы жете электерди суракка алуу, тараптардын (прокурордун, жактоочунун) өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча, айыпталуучунун катышысыз жүргүзүлүшү мүмкүн, ал жөнүндө сот токтом чыгарат. Айыпталуучу сот залына кайтып келгенден кийин бул адамдардын көрсөтмөлөрү жарыяланып, аларга суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек.

Эгерде сот 16 жашка жете элек жабырлануучунун жана күбөнүн андан аркы катышуусун зарыл деп таппаса, алар сурак бүткөндөн кийин сот залынан чыгарылат.

Эгер милиция сиздин мүлкүңүздү далил катары кабыл алса, иш каралып бүткөндөн кийин сизге кайтарылып берилиши керек.

Милиция кызматкери менен жолугуу жана суракка алынуу

Милиционер сизди токтотуп суроолорду берип баштаса эмне кылышыңыз керек:

1) … эгерде мени полиция кызматкери токтотуп, күбөлүгүмдү көрсөтүүнү суранса?

— Милиционерден аты-жөнүн, иштеген жерин жана укук коргоо органынын кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүүсүн сураңыз. Андан кийин гана ал документтериңизди текшерүүгө жана сизге суроолорду берүүгө укуктуу.

2) … эгер жанымда менин ким экендигимди тастыктаган эч бир документ жок болсо?

— Сиздин документтериңизди алып келе алган же ким экендигинизди тастыктай алган жакындарыңызга чалыныз.

3) … эгер милиция кызматкери аны менен кошо бөлүмгө барууну суранса?

— Мындай өтүнүчтүн себебин жана негизин билип, андан кийин ата-энеңизге, туугандарыңызга же досторуңуздун бирине чалып, сизди кармаган милиционердин толук аты-жөнүн, ээлеген кызматын жана күбөлүгүнүн номерин, ошондой эле учурда кайсы жерде жүргөнүңүздү жана кайсы милиция бөлүмүнө бара тургандыгыңызды кабарлаңыз.

4) … эгер мен 18 жашка толо элек болсом?

— Милиция кызматкерлеринен турган жериңизди ата-энеңизге же башка туугандарыңызга расмий түрдө кабарлоосун талап кылыңыз.

5) … эгерде алар менин турган жерим жөнүндө үй-бүлөмө кабарлоо өтүнүчүмдү аткарбаса?

— Кармоонун протоколун же камакка алуунун каттоосун талап кылыңыз. Жашы жетпегендер үй-бүлөсү келгенге чейин эч кандай суроолорго жооп бербесе жана документтерге кол койбосо жакшы болот.

6) …Эгер мен мыйзамсыз эч нерсе жасабаганымды анык билсем, бирок милиция кызматкерлери мени кармап жатышса?

— Милиция кызматкерлери менен урушпаңыз жана качпаңыз. Бул жагдайды татаалдаштырышы мүмкүн.

Прокурорго же райондук сотко арыз менен кайрылып, ИИМ кызматкеринин аракеттерине даттанууга укугуңуз бар.

Жашы жете электерди суракка алуунун өзгөчөлүктөрү

Кээ бир учурларда, милиция сизди кылмышка тиешеси бар деп шектенип, токтотушу мүмкүн. Милиция кылмышкердин ким экендигин аныкташ үчүн бир катар сурактарды жана текшерүүлөрдү жүргүзүп, өз иштерине жардам болуучу далилдерди алышы керек.

Эгер сиз камакта болсоңуз милицияга аты-жөнүңүздү, дарегиңизди жана туулган күнүңүздү айтыңыз. Бул маалыматтан тышкары сиз унчукпоого жана башка суроолорго жооп бербөөгө укугуңуз бар. Эгер милиция сизди кылмышка шектүү деп санаса, суроолорго жооп берүүдөн мурун жактоочу (адвокат) менен сүйлөшкөнүңүз оң. Суроолорго жооп берерден мурун адвокатка чалсаңыз болот. Сиз 1 натыйжалуу чалууга укуктуусуз. Туугандарыңызга чалып, кармалганыңызды билдирип, адвокат боюнча жардам берүүлөрүн сурансаңыз болот.

Эгер сиз 18 жашка чыга элек болсоңуз анда жашы жете элек шектүүнү, айыпталуучуну суракка алуу — сизге суроолорду бере алган жана сурак бүткөндөн кийин протокол менен таанышуу жана көрсөтмөлөрдү жазуунун тууралыгы жана толуктугу жөнүндө эскертүүлөрдү жасай алган жактоочунун (адвокаттын), ата-эненин, керек болсо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, психологдун, мугалимдин катышуусунда жүргүзүлөт.

Күнөөсүздүктүн презумпциясы (сот өкүм чыгарганга чейин, ал адам күнөөсүз деп эсептелет), коюлган айыптоо жөнүндө маалымат алуу укугу (адам эмнеге айыпталып жаткандыгын билүү), көрсөтмө берүүдөн баш тартуу укугу (көрсөтмө бербөө), адвокаттын кызматын колдонуу укугу, ата-энесинин же камкорчусунун катышуу укугу, күбөлөр менен беттешүү жана аларды суракка алуу укугу жана жогорку инстанцияга аппеляциялык даттануу укугу (сиз облустук же шаардык сотко соттун чечимине даттана аласыз) сыяктуу негизги процесстик кепилдиктер соттук териштирүүнүн бардык этаптарында кепилдендирилиши керек, муну 7 Пекин Эрежеси талап кылат.

6

Эсиңизде болсун:

  • ар дайым эстүү болуңуз;
  • сылык болуңуз;
  • милиция кызматкери менен урушпаңыз жана аларга акарат кылбаңыз;
  • Сиздин мыйзамдуу укуктарыңыз маанилүү болсо да, сурак же тинтүү жүргүзүлүп жатканда орой же зирек болуу сиздин кызыкчылыгыңызда эмес;
  • Эгерде милиция кызматкери сизди тинтүүгө укуктуу болсо, анда аны токтотууга же ага каршылык көрсөтүүгө аракет кылбаңыз. Эгер тинтүүнү токтотууга аракет кылсаңыз, тоскоолдук кылгандыгыңыз үчүн камакка алынышыңыз мүмкүн.
(Просмотров за все время 1 746, 1 посещений за сегодня)